КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2507 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 196 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 175 009 адамга жетти.
Бир күндө 386 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1184 адам жатат, дагы 1481 бейтап үйдөн дарыланууда.
ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ ӨЗГӨРТҮЛДҮ
Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар пропорционалдык система менен партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Президент Садыр Жапаров 27-августта президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, быйыл 11-апрелде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, анда парламентти түзүүнүн жаңы тартиби каралган.
Кол коюлган мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат.
2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылгандан бери жаңы шайлоо жарыялана элек.
Буга чейинки шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке 120 депутат партиялык тизме менен беш жылга шайланып келчү.
ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРАТ
Президенттин расмий сайтында кабарлангандай Садыр Жапаров 27-28-август күндөрү Баткен облусунда иш сапары менен болуп, чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.
Жергиликтүү бийликтен билдиргендей, мамлекет башчысы иш сапардын биринчи күнү Лейлек районуна барат. Чек арадага жаңжалда талкаланып, кайра калыбына келтирилип жактан Максат айылында да болот.
Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңундагы куралдуу кагылышта Баткенде 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жарактан чыккан үйлөр Түркиянын жана жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен курулууда.