• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан бир бейтап каза болду. Активист камакка алынды

4 Тогуздун айы 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-октябрда коронавирустан бир бейтап каза болду. 43 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында.
Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 783 адам болду.
Бир сутка ичинде 67 адам сакайып чыкты. Бул аралыкта оорудан айыгып чыккандардын саны 173 538 адамды түздү. Ал эми пандемия башталгандан бери жалпы 2608 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү 440 адам ооруканада, 712 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

АКТИВИСТ КАМАККА АЛЫНДЫ
Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.
4-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Касенов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө абагында болот. Аталган жайда өтө оор кылмыш жасагандар кармалат.
Милиция аны «киши өлтүрүүгө аракет кылган» деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармап, Бишкекке жеткирилген.
Максат Касенов «Улуу Кыргызстан» кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОНДОР ИЗДЕЛҮҮДӨ
Ысык-Көлдө эки жумадан бери дайынсыз жоголгон аял менен эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда 44 жаштагы А.М. менен 45 жаштагы Р.М. аттуу аял менен эркек киши Ак-Суу районунун Эңилчек айылынан чыгып, Баш-Көл тоо тарапка кеткен. Алар кайра 28-сентябрда кайтып келиш керектигин айтып, туугандары ӨКМге кайрылышкан.
Издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.
“4-октябрь күнү таңкы саат 06:00дө ӨКМден жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106