• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 10 адам көз жумду. Жеңиш Молдокматов сентябрга чейин камакта калды

2 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 1485 кишиден жаңы аныкталды, илдеттен он адам каза болду. Бул тууралуу 2-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Жалал-Абад менен Талас облустарынан бирден киши көз жумду.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (923), Чүй облусуна (165) жана Ош облусуна (109) туура келет. Калган облустарда 100гө чейинки учурлар катталды.

2-июлга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 571 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 127 миң 880 кишиге жукту. Анын 111 миң 269у айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 2019 адам кайтыш болду.

МОЛДОКМАТОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Урмат Сыдыков маалымдады.

Анын айтымында, актоочу тарап райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов буга чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

КАЗАК-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫНДА УНААЛАР КЕЗЕКТЕ ТУРАТ

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кыргыз-казак чек арасындагы жагдай тууралуу билдирүү таратып, абалды жалпы жонунан туруктуу деп баалады.

Мекемеден кабарлашкандай, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатышат. “Ак-Тилек-автожол” бекетинин авторанспорттордун анча чоң эмес топтолуусу байкалууда. Оор жүк ташуучу 119 автомашине кезекте турат.

Чек ара кызматы транспорттордун топтолушу кайталанма мүнөзгө ээ экенин, жүк ташуу көбөйгөн кезде, өзгөчө эс алуу күндөрү жана базар кызыган күндөрү арбый түшөрүн маалымдайт.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин кошумчалайт. Мекеме ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы башка чек ара бекеттеринде автотранспорттордун кезекке туруусу байкалбаганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 177