• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 4 бейтап көз жумду. “Айыл Банктын” үч жооптуу кызматкери кармалды

10 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 10-февралга карата коронавирус 107 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 297 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 738 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 821 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 958 киши айыгып чыкса, 2 миң 917 адам каза болду.

“АЙЫЛ БАНКТЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен 8-февралда “Айыл Банктын” үч жооптуу кызматкери (“Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.”) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылы “Айыл-Банк” ачык акционердик коому тарабынан “Россиф” жеке ишканасына 3,5 млн. доллар насыя мыйзамсыз берилген. “Россиф” банкка күрөөгө койгон 348,5 млн. сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын баасы боюнча болгону 271,8 млн. сомго гана бааланган. Ортодогу айырма 76,6 млн. сомду түзгөн.

Бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.

МИЛИЦИЯНЫ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте милиция кызматкерин унаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-февралда саат 11:00дөр чамасында айдоочу “Тойота Витс” унаасында Ч.Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жол кырсыгынан жабыркаган кайгуул кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуяга шектүү катары 31 жаштагы Н.Э.А. аттуу айдоочу кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда териштирүү ишитери уланууда.

Количество просмотров: 111