• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан төрт киши каза болду. ЖКнын кезектеги сессиясы ачылды

1 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС  БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 1-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада өлкө боюнча бул инфекциядан төрт киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2 532 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 142 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору менен 175 876 адам расмий катталды. Азыр ооруканада 1 036 адам жатат, дагы 795 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 290 адам айыгып чыкты. Ооорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 067 жетти.

ДЕПУТАТТАР ИШИН БАШТАДЫ

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Парламент төрагасы Талант Мамытов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштаганын жарыялап, депутаттарды активдүү катышууга чакырды.

Кийинки отурум келерки аптада болору жарыяланды.

Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра бир айлык кезексиз сессиясын баштаган.

Жогорку Кеңеш 120 мандаттан турат. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кезектеги шайлоо 28-ноябрда жаңы эреже боюнча өтөт. Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өткөрүлөт. 

ЖОЛДОШБЕК АЧИКЕЕВ  КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Аны жамаатка бүгүн, 1-сентябрда Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Равшанбек Касымов тааныштырды.

Ачикеев буга чейин “КыргызЭнерго”, “ЧыгышЭлектродо” иштеген.

Количество просмотров: 79