• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирусту дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү

17 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды дарылоонун 6-протоколу кабыл алынды. Бул тууралуу  саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, COVID-19дун жаңы штаммы чыкканда бейтаптарды дарылоо өзгөрүп турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 бейтап каза болду.

ЗИЛАЛИЕВ КАМАКТАН ЧЫКТЫ

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы токтомунун негизинде айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Аны абакта кармоо чечими эч жакка кетпөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасына алмаштырылган.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынган. 2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

ӨКМӨТ ҮЙҮНДӨ МИТИНГ ӨТТҮ

Бишкек шаарынын жанындагы «Биримдик-Кут» конушунун ондогон тургундары социалдык объектилерди курууну талап кылып өкмөт үйүнүн астына митингге чыгышты. Алар конуштагы мектеп, бала-бакча, оорукана, парк сыяктуу жайлар курула турган жерлер сатылып кеткенин айтышып, «Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков социалдык объектилердин жерин кайтарып бериши керек» деген талап коюшту.

Акцияга чыккандар мектептин жери сатылып кетти деген жүйөнү айтып жатышат.

Нааразы тарап менен резиденттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими жолугушту. Аким бул маселе боюняа Башкы прокуратурга кайрылганын, иш сотко өтүү алдында турганын билдирди. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү «Биримдик-Кут» конушуна быйыл мектеп салына турганын айтты.

Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды. Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген. Башкы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.

Количество просмотров: 337