• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустун жаңы учурлары көбөйдү. Талапкерлердин дебатта чыккан чыры эшикте уланды

24 Аяк оона 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Түрк тилдүү мамлекеттердин жыйыны өттү
2020-жылдын 22-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин жыйыны өттү. Иш чарада Түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары жакынкы мезгилге пландаштырылган программаларынын негизинде координацияны жакшыртуунун жолдорун талкуулашты жана 2020-2021-жылдардын аралыгында уюштурула турган иш-чаралар жөнүндө сөз улашты. Ошондой эле 2020-2021-жылдар аралыгында Түрк кызматташтык уюмдарынын жылдык жол картасы даярдала тургандыгы белгиленди. Түрк маданияты жана мурасы фондулары менен координациялык иштерди алып баруу Султан Раевге жүктөлдү.

+127: Коронавирустун жаңы учурлары көбөйдү
Бир сутка ичинде COVID-19дун 127 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдан кабарлашкандай, алардын алтоосу медициналык кызматкер болушкан. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 3 214 адамга жетсе, алардын 2 896сы айыгып чыгышкан. Ал эми акыркы сутка ичинде 101 бейтап сакайган.

Жапыкеев менен Таштанбековду дебаттан кийин милиция ажыратты
Сыймык Жапыкеев менен Акбөкөн Таштанбеков эфир учурунда уруша кетишкен. Эки партиянын өкүлдөрүн алып баруучулар токтотуп калышкан. Бирок алар дебат бүткөндөн кийин эшиктен кайрадан урушту улантышып, жакалашканга чейин барышкан. Видеодо көрүнүп тургандай аларды тартип сакчылары ажыратып калышкан.
ЭлТР каналында болгон теледебатта Сыймык Жапыкеев Акбөкөн Таштанбековго “борбор калаадагы фабриканы кантип менчиктештирип алдыңыз жана мамлекетке 22 млн сом салыкты эмне үчүн төлөбөй жүрөсүз?”деген суроо узаттты.

Количество просмотров: 1988