• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коррупциялык схема ачыкталып, ИИМдеги чиновник кармалды. Эльвира Сурабалдиева жаңы кызматка келди

28 Тогуздун айы 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

28-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1138ди түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 57 276га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 48 637. Учурда 3 479 бейтап стационарларда, 3 488 киши үй шартында дарыланууда.

ИИМДЕГИ ЧИНОВНИК КАРМАЛДЫ

 ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы коррупциялык схема ачыкка чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жетекчилик акчалай сыйлык алып турган.

“Кечээ, 27-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге ыкчам иштер жүргүзүлгөн. Анын алкагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги «С.Н.Р.» кармалды”, – деп айтылат маалыматта. Бул кызматты Нур Сатыбалдиев ээлеп турган.

СУРАБАЛДИЕВА ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛДУ

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Ошондой эле өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болгону белгилүү болду.

Парламент комитетинде  Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги вице-премьер-министр кызматына жактырылды. Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Артём Новиков Сурабалдиеванын талапкерлигин сунуштоо боюнча баяндама жасады.  Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти.

Количество просмотров: 172