• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли төмөндөдү

11 Кулжа 2020 14:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда электробус чыгарыла баштайт

Ош шаарында электробустарды чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» ишканасы өз ишин баштады. Бүгүнкү күндө заводто 500гө жакын адам иштейт. Ал эми курулуш иштери аяктап, жумуш толук жүрүшө баштаган соң 5000миң адамдык жумуш оорду түзүлмөкчү. Учурда заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер чыгарылып, текшерүүдөн өткөрүлүп жаткан чак. Мындан тышкары, чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн атайын жабдуулар чыгарылып жатат. Ал эми Кыргызстанда чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби учурда даярдоо процессинде.

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли төмөндөдү

Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсү боюнча Кыргызстанда 2019-жылы жакырчылыктын деңгээли төмөндөгөн. Мамлекеттеги жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзгөн. Бул өткөн жылга карата 2,3 пайызга төмөн. Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыз, айыл жерлеринде –0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Ал эми Чүй облусунда — 3,5 пайыздык пунктка жана Ысык-Көлдө 2,9 пайыздык пунктка кедейчиликтин өскөндүгү белгиленди. 2019-жылы 17 жашка чейинки 660,8 миң бала кедейчилик шартында жашаган.

Таласта 3 адамдан коронавирус чыкты

Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус илдетинин куйругу үзүлө элек. Кыргызстанда 11-июньга карата бул ооруну жугузуп алган 36 учур катталса, анын ичинен он адам медицина кызматкери болуп чыкты. Ал эми буга чейин коронавирус каттала элек Талас облусунда эки адам жугузуп алгандыгы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ал эми АКШда COVID-19 вирустук инфекциясы менен катталгандардын саны 2 миллиондон ашкан.

Орусия КМШ өлкөлөрү менен болгон авиакаттамды жандантат

Орусиянын туроператорлор биримдигинин берген маалыматына ылайык Россия 2020-жылдын 15-июль айынан тартып КМШ өлкөлөрү менен болгон авиакаттамдарды жандандыра баштайт. Белгилей кетсек коронавирус пандемиясынан улам Орусия 27-марттан тартып башка мамлекеттер менен болгон туруктуу учак каттамдарын токтоткон. Ал эми Россия менен Кыргызстандын ортосундагы учуулардын жүгүртмөсү азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 118