• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстандыктар мартта 3 күн катары менен эс алат.  17 жаштагы өспүрүм асынып алды

10 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 10-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 27 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 249 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 691 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 761 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

17 ЖАШТАГЫ БАЛА АСЫНЫП АЛДЫ

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, Ысык-Атада 17 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду

Маалыматка ылайык, 8-мартта райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнө жашы жете элек баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Өспүрүм өзүнүн үйүнүн короосунан табылган. Ал К.Ш. экени аныкталган. Милициядан сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен жарат алган издери табылбаганын белгиледи. Өспүрүм өлөр алдында өзүнүн телефонуна видеокайрылуу жасап кеткен. Ал өзүнүн жакындары менен коштошуп, алардан кечирим сураган”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР МАРТТА  3 КҮН КАТАРЫ МЕНЕН ЭС АЛЫШАТ

Кыргызстандыктар бул айда үч күн катары менен эс алат. Ал 21-март — Нооруз майрамы менен байланыштуу. Майрам дүйшөмбүгө туура келгендиктен, беш күндүк график менен иштегендер 19, 20 (ишемби, жекшемби) жана 21-мартта (дүйшөмбү) эс алышат.

Ошол эле учурда 26-март, ишемби — иш күн.

Себеби 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган. .

Количество просмотров: 6966