• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Маңзат саткандарды калкалаган полковник кармалды. Нарын сууга түшүп кеткен бала табыла элек

23 Жалган куран 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада 19 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 69 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 836 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 113 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болду.

МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ КАРМАЛДЫ
Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн КР ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган 2 жаранга карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.
Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.
Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

НАРЫНДА СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 22-мартта издөө иштерине Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулду. Бүгүн, 23-март күнү улантылат.
Белгилей кетсек, 7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштери дароо башталганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин натыйжа бербей келет.

Количество просмотров: 92