• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мадумаров суракка чакыртылды. 20 жаштагы кыз 12-кабаттан секирип, каза болду

14 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-январдагы маалыматына караганда, вирустан бир адам каза болду.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 28 27 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206.

Бир күндө 111 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 660 ​адам жатат, дагы 2490 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 180 740 киши

МАДУМАРОВ СУРАК БЕРҮҮДӨ

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Мадумаров учурда тергөө органында күбө катары сурак берүүдө. Ал кыргыз-тажик чек арасы боюнча суракка чакыртылган.

Кошумчалай кетсек, былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да билдирген.

Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болуп, 180ден ашуун киши жараат алган.

20 ЖАШТАГЫ КЫЗ 12 КАБАТТАН КУЛАП, КӨЗ ЖУМДУ

Бүгүн, 14-январда түнкү саат 03:00дө 20жаштагы кыз 12-кабаттагы батирден секирип, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркум Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну болгон, ал кесиптик лицейдин 2-курсунда окуп жаткан. Ал бул батирде убактылуу жашап келген.

Учурда  кырсыктын чоо-жайы иликтенип, күбөлөр суралып жатат.

Количество просмотров: 536