• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Мекенчилдин» өкүлү Жалал-Абадга мэр болду. Пара алууга шектелген жетекчи кармалды

3 Бештин айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында үч, Ош облусунда бир өлүм катталды. Бир күндө вирус дагы 420 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 933 адамды түздү. Анын 65 589 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 400 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1281 кишиге жетти.

“КАДАСТРДЫН” ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

«Кадастр» мекемесинин директору коррупцияга шектүү катары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-декабрда билдирди.  Маалыматта мекеменин жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча чогултуп келгени айтылат.

УКМКнын Антиркорруциялык кызматы сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында бул коррупциялык схеманы аныктаганы белгиленген.

Маалыматка караганда, иликтөө иштеринде бул ишке «Кадастр» ишканасынын директорунун катышы бар экени аныкталып, ал 2-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

«Кадастр» мекемеси УКМКнын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Бул ишкана өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча агенттикке карайт.

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН МЭРИ ШАЙЛАНДЫ

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, шаар мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышып, баары бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдогон.

Эрнисбек Ормоков быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

Ал эми Жалал-Абад шаарын буга чейин Мураталы Тагаев жетектеди. Ал 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Андан кийин мэрдин милдетин вице-мэр Нуртилек Орозов убактылуу аткарган.

Количество просмотров: 304