• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Милициянын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Жумалиев эми ЖК депутаты эмес

21 Чын куран 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 21-апрелге карата дагы төрт бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 306 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 161и сакайды.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 626 адамга жетти. Алардын 87 390у айыгып, 1561 бейтап ажал тапты.

ЖУМАЛИЕВ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТЫНАН АЖЫРАДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу токтомду БШКнын мүчөлөрү 21-апрелдеги олтурумунда кабыл алышты.

Анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазгандыгы такталды.

Жумалиевдин ордуна «Бир Бол» партиясынан кезекте турган Аманкул Токтомамбетовго депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.

Буга чейин УКМК Жумалиев жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатын, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергендигин билдирген.

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн тергөөчүсү жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун милиция кызматкери опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, аталган милициянын кызматкерлер өз кызыкчылыктары үчүн, «М.у.Т.» аттуу жаранга сотко чейинки ишке байланыштуу кысым көрсөтүшкөн. Муну үчүн алар андан эки миң доллар өндүрүшкөн.

Кызматкерлер сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече албай, опузалап талап кылуу фактылары ачыкка чыкпашы үчүн «М.у.Т.» аттуу жаранга 1,5 миң долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү  кармалган. Андан кийин экинчи шектүү кармалган.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара алуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Количество просмотров: 96