• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мурдагы аялын зордуктаган жаран камалды. Ысык-Көлдө таштанды иштетүүчү ишкана курулат

11 Баш оона 2022 13:54 Бишкек Govori.TV

МУРДАГЫ АЯЛЫН САБАГАН КИШИ КАРМАЛДЫ

Мурда ажырашкан күйөөсү аялына зомбулук көрсөткөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. 2022-жылдын 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирип арыз менен кайрылган. Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 9-августта Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди. Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТАШТАНДЫ ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОД КУРУЛАТ

Ысык-Көлдө таштандыларды кайра иштетүүчү эки ишкана куруу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Таалай Далбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, объекттерди бюджеттин эсебинен да, инвестициянын эсебинен да куруу пландалууда.

«Бүгүнкү күндө бир гана Ысык-Көлдө эмес, башка аймактарда дагы кайра иштетүүчү ишканалар маселеси курч турат. Бүгүнкү күндө таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор боюнча токтом иштелип чыкты, ал министрлер кабинетинде бар», — деди ал.

ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 11-августта Баткен менен Жалал-Абад облусундагы мектеп директорлорун тандоо сынагынын алкагында компьютердик тестирлөө башталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөөнү Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борбору өткөрөт. Андагы ачык-айкындуулук камсыз кылуу үчүн эркин коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болот.

Аталган министрлик өткөн айда Талас облусунда мектеп директорлорун тандоого байланыштуу биринчи пилоттук сынак өткөргөн. Эки мектеп директорунун орду үчүн ат салышкан төрт талапкердин үчөө өтпөй калган.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка 12-июлда кол койгон.

Количество просмотров: 162