КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын төртөө Бишкекте. Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден бейтап көз жумду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1821 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 358 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 105 469 адам болду.
Бир күндө 302 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1660 адам жатат, дагы 1782 бейтап үйдөн дарыланууда.
ЖАПАРОВ ОШ МЭРИН КАБАЛ АЛДЫ
Алдыда боло турган жергиликтүү кайра шайлоого муниципалдык же башка мамлекеттик кызматкерлер таасир этүүгө аракет кылса аларга кескин түрдө бөгөт коюлат. Бул тууралуу 2-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алганда президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен катар кээ бир шаарларда өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүл бурулду. Жапаров шайлоого таасир этүү үчүн жасалган бардык мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгилеп, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюларын эскертти.
Быйыл 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү шайлоолор өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган жана кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.
“КУМТӨР” БОЮНЧА ЭКИ ЭКС-ДЕПУТАТ КАМАККА АЛЫНДЫ
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында калтырды. Экс-депутаттар 31-майда Кумтөр ишине байланыштуу кармалган.
Сотто мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун дагы бөгөт чарасы каралып жатат, азырынча чечим чыга элек.
Бабанов сотко кирип баратканда журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип жатып өзүнө козголгон кылмыш ишин «толук аша чапкандык, акылга сыйгыс» деп атады.
Атайын кызмат мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге “Кумтөр иши” боюнча айып койду. 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков “Кумтөр иши”, Төрөбай Зулпукаров “Мыйзамсыз баюу” боюнча эки айга камалган.