• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Мурдагы депутат суракка чакыртылды. Өрттөн эки адам иске ууланды

7 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МИСКЕНБАЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Бүгүн, 7-сентябрда ИИМдин кызматкерлери мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин Тергөө башкармалыгына алып келишкенин саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМдин кызматкерлери Мээрбек Мискенбаевди Биринчи Май райондук сотунан алып кетишкенин билдирди. «Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга келген Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин кызматкерлери алып кетишти. Аны блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча суракка алышат экен», — деп жазды ал.

Эске салсак, фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

ӨРТТӨ ЭКИ АДАМ ИСКЕ УУЛАНДЫ

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн болжол менен 15 чарчы метр пластик эшик, жыгач терезе жана үй-тиричиликтери күйгөн.

Тилсиз жоодон И.Д. аттуу эркек жана А.А. аттуу аял иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган.

ТЕЛЕФОН УУРДАДЫ ДЕГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

Кызыл-Кыяда ооруканадан уюлдук телефондорду уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндөгү столдо турган “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз жаран уурдап кеткендиги боюнча Ноокат районунун жашоочулары арыз менен кайрылган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган Т. у М. кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 104