• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Окуучуларды уурулукка түрткөн мугалим кармалды. Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

10 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 4 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 4 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда “Volvo” менен “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган. «Комсол айылында таңкы саат 5: 55те болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам тактап айтканда, 3 эркек жана 1 аял каза болгон»,-деп айтылат маалыматта. Жерине 4 куткаруучу тартылган. Каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОРУСИЯДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ ТҮЗ УЧАК КАТТАЙТ

Бүгүн 10-июндан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамчы айылындагы аэропортко Орусиядан учактар түз каттай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана S7 Airlines авиакомпаниялары Москвадан, Екатеринбургдан, Санкт-Петербургдан жана Новосибирскиден жумасына бир нече жолу каттап турушат. Анткени орусиялык туристтер арасында Ысык-Көлдө эс алууга кызыгуу артууда. Коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган каттамдар бара-бара калыбына келүүдө, жакында Орусиянын бир нече шаарына темир жол каттамы да кайра ачылды. Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт.

ОКУУЧУЛАРЫН УУРУЛУККА ТҮРТКӨН МУГАЛИМ КАРМАЛДЫ

Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын мал уурулугуна аралаштырган дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

6-июнда Ак-Суу райондук милициясына Отрадное айылынын тургуну арыз жазган. Маалыматка караганда, ошол түнү болжол менен түнкү саат 3:00 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин сарайына уурулукка кирген. Кочкорун көтөрүп бараткан адамдарды көргөн кожоюн кыйкырып жибергенде, алар малды таштай качышкан. Арыз ээси ага чейин да төрт коюн ууруга алдырып жибергенин айткан. Арыз бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин «алдын ала макулдашкан топ тарабынан жасалган уурулук» беренеси менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында уурулук жасагандар айылдын тургундары 18 жана 17 жаштагы 6 жигит экени такталып, колго түшүрүлгөн. Уурулардын башчысы, кылмыштуу иштердин уюштуруучусу айылдык мектептин 25 жаштагы дене тарбия мугалими экени аныкталып, ал да кармалган.

Кылмышка шектүүлөр жыл башынан бери 15 кой, 3 жарым тонна буудай уурдашканын моюндарына алышкан. Уурулуктан тапкан мүлктү башкаларга сатып, акчасын бөлүшүп алып турушкан.

Количество просмотров: 4252