• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы, кайсы патиялар алдыды? Коронавирустан бир бейтап каза болду

29 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

БОСОГО ЧЕКТИ 6 ПАРТИЯ ӨТТҮ

Бүгүн, 29-ноябрдагы БШКнын расмий сайтындагы жаңыланган Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Өлкөдөгү 2494 шайлоо участогунун 2430нун жыйынтыктар келип түштү. Ага ылайык, 5%дык босого чектен өткөн партиялар 6га жетип, алардын катарында «Ата-Журт Кыргызстан» – 16.44%; «Ишеним» – 13.20%; «Ынтымак» – 10.65%; «Альянс» – 8.07%; «Бүтүн Кыргызстан» – 6.58%; «Ыйман Нуру» – 5.95%. добуш алды.

Эскерте кетсек, бул сандар жыйынтыктардын жаңылануусу менен алмашуусу мүмкүн.

Бирок, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон айрым саясий партиялар 29-ноябрга караган түнү “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги штабына чогулушту. Лидерлердин айтымында добуштар бурмаланнып, оппозициянын добуштары уурдалды. “Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” жана Социал-демократтар партиясы бийликтен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.

Президент Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк тууралуу өз пикирин айтып, добуштар уурдалды деп жаткан партияларга кайрылуу жолдоду. Жапаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, эгер мүчүлүштүктөр болсо тиешелүү адамдар жазаланаарын билдирди.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоодо добуш берүү убактысы аяктагандан кийин — саат 20:00дөн кийин БШКнын расмий сайтынын иштөосү үзгүлтүккө учураган. Бир аз убакыттан кийин кайра ишке кирген сайтта башка сандар чыгып, алгачкы маалыматтарда 10 партия 5 пайыздык босого баллдан өткөнү көрүнсө, ал эми сайт кайра иштеп баштагандан кийин партиялардын саны 6 болгон.

КОРОНАВИРУСТАН 1 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 463 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 112 киши айыгып чыкса, 2 миң 743 адам каза болду.

“АЙЫЛ БАНКЫНДАГЫ” КОРРУПЦИЯ ИЛИКТЕНҮҮДӨ

Президент Садыр Жапаровдун 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында берген тапшырмасына ылайык, УКМК «Айыл Банк» ААКтын ишмердүүлүгүн текшерди.

Мамлекет «Айыл Банктын» 100 пайыз акциясына ээлик кылат.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Айыл Банк» ири суммадагы насыяларды мыйзамсыз жана максатсыз берип келгени аныкталды. Бул насыялар социалдык жактан аз камсыздалган жарандарга, ошондой эле айыл чарба жана мал чарбаны өнүктүрүү үчүн берилиши керек болчу.

УКМК Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгү менен сотко чейиник өндүрүш ишин баштады. Анын жыйынтыгы менен «Айыл Банктын» жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилет

Количество просмотров: 1529