• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Соцтармактагы билдирүүсү үчүн 52 жаштагы жаран кармалды. Депутаттар жайкы эс алууга тарады

1 Теке 2022 14:05 Бишкек Govori.TV

ФЕЙСБУКТАГЫ БИЛДИРҮҮСҮ ҮЧҮН ЖАРАН КАРАМАЛДЫ

Фейсбуктагы баракчасында улут аралык кастыкты козутуу, чагымчыл маанайдагы билдирүү жазган деп шек саналып Чүйдүн Москва районунун 52 жаштагы жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-июнунда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучу, чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчасын аныкташкан.

Соттун чечими менен ал жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда шектүү Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

БЛОГЕР 48 СААТКА КАМАЛДЫ

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү маалымдады.

Учурда Адилет Али Мыктыбек убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Милиция блогер кайсы массалык башаламандыкка байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат берген жок.

ДЕПУТАТТАР КАНИКУЛГА ТАРАШТЫ

30-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 34-беренесине ылайык, VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясы жабык деп жарыялады.

Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни аткарылды. 

Количество просмотров: 262