КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 27-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Бишкек шаары менен Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1781 кишиге жетти.
Вирус акыркы бир суткада дагы 376 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 103 583 кишиге жетти. Анда 97 151 адам айыкты.
УКМК СУРАКМАТОВДУН МҮЛКҮН КӨРСӨТТҮ
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 27-майда кабарлап, курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгени боюнча коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганын маалымдады.
Атайын кызмат Суракматов мэрияда жетекчи кызматтарда иштеген учурда башкалар менен жең ичинен иш бүтүрүп, коррупциялык схема түзгөнүн билдирүүдө. Териштирүү иштеринин баштапкы маалыматтарына ылайык, экс-мэрдин байлыгы 50 миллион АКШ долларына бааланды.
26-майда колго түшкөн Суракматов УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда ага катышы бар башка кишилердин мүлктөрүн аныктоо иштери жүрүүдө.
Суракматов Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон. Былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан соң өз каалоосу менен иштен кеткен. Бишкек шаардык кеңештин соңку шайлоосунда ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн. 51 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы да болгон.
АЙЗАДАНЫН ИШИ БОЮНЧА СОТТУК ОТУРУМ ӨТТҮ
27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча сот жараяны башталды.
Бул ишти судья Салтанат Есенкулова карап жатат. Бул иш боюнча беш айыпталуучу бар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Коронавирус пандемиясынын айынан алар сотко өткөрүлгөн эмес, ошондуктан жолугушуу онлайн режиминде өтүп жатат.
Сот жараянына айыпталуучулардын туугандары келишти. Алар онлайн режимде сүйлөштү. Сот 11-июнга чейин тыныгуу жарыялады. Анын айтымында, жолугушуу эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин болот. Айзаданы 5-апрелде эртең менен уурдап кетишкен, ал эми 7-апрелде анын сөөгү Бишкектин жанындагы айылдан унаанын ичинен табылган. Ошол эле унаада уурдагандардын бири — Айзаданы зордуктап өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган Замирбек Тенизбаев болгон.