• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Тазалык” кызматкерлеринин айлыгы өстү. Дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

8 Бирдин айы 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН ЭРДОГАН СҮЙЛӨШТҮ

Президент Садыр Жапаров 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Садыр Жапаров дагы бир жолу Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айтты.

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Президент Садыр Жапаров ушул кыйын учурда Кыргызстан бир тууган Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Буга чейин мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын тобу Түркияга жөнөтүлгөн. Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди.

“ТАЗАЛЫКЧЫЛАРДЫН” АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛДҮ

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу бирфингде ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, мекеме санитардык тазалоонун бюджетин көбөйткөн. Буга байланыштуу 1 миң 554 кызматкердин 1 миң 100нүн январы айында тарта айлык акысы көтөрүлдү.

Айлык акы 22 миңден 35 миң сомго чейин болот.

ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП ЖАТКАН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Ошто дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-декабрында 59 жаштагы А.Г. аттуу аял Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголгон.

Кечээ, 2023-жылдын 7-февралында жарандын сөөгү Увам каналынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 164