• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды. Төө-Ашуудагы тоннел күн сайын 10 саатка жабылат

26 Теке 202314:04 Бишкек Govori.TV

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ЧЕКТӨӨЛӨР

Бүгүн, 26-июлдан тарта Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу күнүгө 10 саатка жабуу башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот.

Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо ушул эле убактарда жолдун 144 чакырымында (Суусамыр өрөөнү) токтотулат.

УНАА УУРДАГАН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Бишкекте унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды. Маалыматка ылайык, 24-июлдан 25-июлга караган түнү Аламүдүн-1 кичи районан белгисиз адамдар «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү унааны айдап, из жашырып кетишкен.

25-26-июль күндөрү Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында 25-июль күнү саат 12:30 чамаларында Кемин райондук милициясы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 2005-2004-жана 2006 жылы   туулган жарандар болушкан.

«Кармалгандар жарандар кармалып Кемин РИИБдин тергөө кызматына өткөзүлүп берилгенин, ал эми унаа Кемин районун атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду.

УНАА ЖАРДАН КУЛАДЫ

Кечээ, 25-июлда саат 13:30дар чамасында Таш-Көмүр шаарында унаа жардан кулап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктаган унаанын 1966-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 79