• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды. Жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

3 Баш оона 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИУРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

3-августка карата Кыргызстанда таажы илдетинен дагы 10 адам көз жумду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 2354 адамга жетти. Соңку бир күндө 797 адамдан вирус табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 165 540 адамга жетти. Бир күндө 1794 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3493 адам жатат, дагы 9174 бейтап үйдөн дарыланууда.

НУРАЛИЕВ КАРМАЛДЫ

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары жетектеген коррупциялык схеманы аныктады. Тактап айтканда, төраганын орун басары соттолгон адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шартын жакшыртуу үчүн байма-бай акча алып турган. Андан тышкары ведомствонун орто звенодогу жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин жашырып келген. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кечээ, 2-августта Т.Н.нын кабинетинде шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, 3,5 миң доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана ок-дары табылган. Анын жашаган үйүнөн «ТТ» үлгүсүндөгү тапанча жана мылтык, ошондой эле камактагы жарандар тарабынан жасалган нарды, сандык, бычак, кылыч, отургуч, стол сыяктуу буюмдар табылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштерден кийин Н.Т.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары — Таалайбек Нуралиев экени белгилүү.

ЖОЛ КЫРСЫК БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык Токтогул району тарапта болгон. «Honda CR-V» унаасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы кагышып, анын кесепетинен 1956-жылы туулган бир киши каза таап, алты адам жабыркаган. Жерине барган ӨКМдин Токтогул райондук бөлүмүнүн беш куткаруучусу каза болгон жаранды унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар учурда Токтогул райондук ооруканасында дарыланышууда. Абалдары оор экени айтылды.

Количество просмотров: 117