• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жаш кызды зордуктоого шектүү кармалды. Жаңы жылда майрамдык салют атылбайт

6 Бештин айы 2021 13:53 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

5-декабрга карата Кыргызстанда 34 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Ош шаарында, Чүй, Ош, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облустарында вирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери коронавирус менен 183 649 адам катталды.

Акыркы суткада илдеттен эки адам көз жумду. Коронавируска каршы ыкчам штаб экөө тең эмделбегенин билдирди. Жалпысынан — 2760 адам вирустан каза тапты.

Өткөн суткада эмдөөдөн 853 адам өттү, анын ичинен 513 адам биринчи дозаны, 340 адам экинчи дозаны алышты.

ЖАШ КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунда бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалды.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек колго түшкөн жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну Ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

ЖАҢЫ ЖЫЛДА САЛЮТ АТЫЛБАЙТ

Быйыл Жаңы жыл түнү Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, экологиялык себептерден улам Жаңы жылдагы салттуу, майрамдык фейерверкти уюштурбоо чечими кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган каражат (800 миң сом) башка маанилүү максаттарга пайдаланылат.

Муниципалитет баш калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында элди петардаларды сатып албоо жана жаңы жылдык майрамдоо учурунда колго жасалган фейерверктерди колдонбоону өтүнөт.

Количество просмотров: 132