• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жеңил унаа көпүрөдөн кулап кетти. Өлкөдө 29-апрель иш күнү болот

24 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

УНАА КӨПҮРӨДӨН КУЛАП КЕТТИ

Бишкекте жеңил унаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалым болгондой, кырсык 23-апрелде Чыгыш автобекетинин жанында катталган. Анда Range Rover унаасы катышкан жол кырсыктын кесепетинен дагы бир жеңил унаа көпүрөдөн кулап кеткен.

Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН АДАМ КАРМАЛДЫ

Ошто Июнь окуясына тиешеси бар делип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 22-апрелде мурда издөөдө жүргөн Караматхон Абдуллаева кармалды. Ал 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.

Абдуллаева Ош ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош милициясы кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.

ИШЕМБИ ИШ КҮНҮ БОЛОТ

Кыргызстандыктар үчүн алдыдагы ишемби, тактап айтканда, 29-апрель иш күнү болот.

Министрлер кабинети тарабынан бекитилген өндүрүштүк календарга ылайык, 29-апрелдеги иш күнү 20-марттагы дүйшөмбүдөгү дем алыштын ордуна иш күнү болмокчу.

Белгилей кетсек, 20-мартта Нооруз майрамына байланыштуу кыргызстандыктар эс алышкан.

Количество просмотров: 51