• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбековдор абактагы активистти сотко беришти. Коронавирустан дагы 8 адам көз жумду

26 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 26-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1773​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада оору дагы 207 кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 207 адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 765 болду.

Учурда 1596 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 84 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭЭНБЕКОВДОР АСПЕКОВДУ СОТКО БЕРДИ

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков “кадыр-баркты коргоо” арызы менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов билдирди.

“Бул иш сотко кечээ, 25-майда келип түштү. Азыр каттоого алып, соттук отурумдун күнүн белгилөө процедурасы жүрүп жатат. Ушул жуманын аягында чейин сот кайсы күнгө коюлганы, кимдер катышары билинет. Жээнбековдор Мелис Аспековдун билдирүулөрү кадыр-баркына доо кеткенин билдиришип, аларды коргоо арызы менен кайрылышкан”, – деп билдирди ал.

Жээнбековдор Мелис Аспековдун Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү үчүн 10 млн. доллар бергени тууралуу айткан маалыматын төгүндөөнү талап кылышууда.

УКМКнын тергөө абагында отурган активист Мелис Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына азыркы президент Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Ал “Шайлоодогу үгүт иштеринде Жапаровдун штабында жүргөндүктөн көп иштерге күбө болдум” деп бир нече факты келтирген.

АБАКТАН КАЧКАНДАРДЫН БИРИ ӨЛТҮРҮЛДҮ

Абактагы адамдар №27 түзөтүү абагынын негизги тосмосунан качып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирген. Маалыматкаылайык, окуя 26-майга караган түнү саат 02:40 чамасында Чүйдөгү Молдовановка айылында болгон.

“Түзөтүү абактарын күзөтүү боюнча департаменттин аскер кызматкери камактагы жарандар — 1963-жылы төрөлгөн Т.Т. менен 1999-жылы төрөлгөн К.И. тыюу салынган аймакта жүргөнүн көрүп, алгач эскертүү кылган. Андан кийин ок чыгарган. Камактагы жарандын бири кармалып, бири көз жумду”, – деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, экөө оор кылмышка — адам өлтүрүү жана өспүрүмдү зордуктоого айыпталган. Бири 10 жылга, бири 21 жылга эркиндигинен ажыратылган болчу. Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 53