• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жер саткан айыл башчы кармалды. Бир мандаттуу округдан 62 талапкер арыз берди

1 Тогуздун айы 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

1-октябрга карата өлкөдө 76 адам таажы илдетин жуктурду. Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 779 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

ШАЙЛООГО БИР МАНДАТТУУ СИСТЕМА БОЮНЧА 62 ТАЛАПКЕР КАТТАЛДЫ

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 62 талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү) катышуу ниетин билдирди. Алдыдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

ЖЕР САТКАН АЙЫЛ БАШЧЫ КАРМАЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. Кармалган жарандар жеке кызыкчылыктарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган. 30-сентябрда аларга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 304