• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы компьютерлерди сатып алат. Сууга чөккөн жаран куткарылды

17 Баш оона 202314:04 Бишкек Govori.TV

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 32 ЖЫЛДЫГЫ ОШТО ӨТӨТ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, 31-август күнү Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт. Кошумчалангандай, иш чараны чагылдырууну каалган ММК өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматына кайрылуусу керек.

ПАРЛАМЕНТ 7,8 МЛН СОМГО КОМПЬЮТЕР САТЫП АЛАТ

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы персоналдык компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат. Талап кылынган техниканын саны көрсөтүлгөн эмес. Белгиленгендей, келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүү 40 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек. Потенциалдуу жеткирүүчүлөр милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык салыктарды жана жыйымдарды, пошлина жана башка чыгымдарды эске алуу менен бааларды көрсөтүшү керек.

СУУГА ЧӨККӨН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Милиционерлер пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп бараткан жеринен куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусундагы «Телтору» пансионатынын жетекчилиги милицияга түнкү саат 01:00 чамасында кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жаткандыгын айткан. Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканага алып барышкан. Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон.

Количество просмотров: 78