• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жол чарба кызматынын директору мыйзамсыз байыды деп айыпталууда. Коронавирустан дагы 1 адам каза болду

25 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫАБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза болду. 71 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1401 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 83 971 адамга жетти.

Азыр ооруканада 661 адам жатат, дагы 952 бейтап үйдөн дарыланууда.

МЫЙЗАМСЫЗ БАЮУ ФАКТЫСЫ КАТТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз байыганына байланыштуу фактыларды аныктаганын билдирди.

«И.Ш.М. аттуу кызматкер мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат баалуу турак жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган. Кыргызстандын Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды», деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Жол чарба департаментинин директору үч хан сарайды, бир нече кымбат автомашинаны, Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 батирди өз атына эмес, туугандары менен жакындарына каттатып койгон.

Ошондой эле ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турганы билинди. Азыркы тапта бул министрликтеги башка кызматкерлердин да каржылык абалы катуу текшерилүүдө.

КАРА-КЕЧЕДЕ ӨРТ ЧЫКТЫ

Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кениндеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде 25-январда таңга жуук өрт чыгып, тараза күйүп кетти. «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, өрттөн эч ким жабыркаган жок жана документтер күйүп кеткен жок. Баштапкы маалыматтар боюнча кырсыктынн себеби электр тогуна байланыштуу болгон.

Учурда Кара-Кече кени штаттык режимде иштеп жатат. Өрттү иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Учурда экинчи тараза иштеп жатат. Өрт чыккан көзөмөл-өткөрмө бекети эки-үч күндө калыбына келтирилет.

Кара-Кечеде таразалар кенден канча көмүр ташылып чыгып жатканын көзөмөлдөш үчүн мамлекет тарабынан коюлган.

Количество просмотров: 47