• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жоокерди сабаган прапорщик камакка алынды. Бүгүн борбордук көчөлөр жабылат

8 Кулжа 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

АСКЕРДИ САБАГАН ПРАПОРЩИК КАМАККА АЛЫНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүгүндө сабалган жоокердин иши министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, бул иш 1-июнда кечки текшерүүнүн алдында денеге кароо жүргүзүүдө аныкталган.

Министрдин орун басары белгилегендей, учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чогулган бардык материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, аскерге күч колдонуп, ур-тепкиге алган прапорщикти камакка алуу чечими чыгарылды. Мындан аркы иликтөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Шамырканов бул иш боюнча 6 аскер кызматкери кызматтан четтетилгенин кошумчалады.

КАМБАР-АТА-1ДИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчысы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

Учурда инфраструктуранын даярдалган бөлүгү бар (базалар, жолдор, карьерлер), 500 кВ «Датка-Кемин» аба электр чубалгысы жакын жайгашкандыктан, Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын бөлүштүрүү схемасы боюнча эң аз чыгымга ээ болот, республиканын калкын кыш мезгилинде энергия менен камсыздоо маселелери чечилет, келечекте өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшү канааттандырылат жана CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук потенциал камсыз кылынат.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү — туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

БОРБОРДУК КӨЧӨЛӨР ЖАБЫЛАТ

 Бүгүн, 8-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабык болот. Кайгуул кызматынан мындай чара Кыргызстан менен Сингапурдун футболдук беттешине байланыштуу экендигин билдиришти. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Төмөнкү көчөлөрдө саат 16:00дөн 23:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет: — Тоголок Молдо көчөсү – түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү – күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылып, маршруттук кыймылын алдын ала пландап алууга чакырат.

Количество просмотров: 209