• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

16 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МАЙЛУУ-СУУДА ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУУДА

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Онлайн окутуу абал турукташканга чейин уланат.

Эскерте кетсек, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. Мындан улам шаар аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Араван районунда мыйзамсыз берилген 1000 га жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын 2022-жылдын l кварталында жүргүзгөн текшерүүсүндө Араван районунун Алля Анаров ( 300 га), С.Юсупова ( 300 га), Тепе-Коргон ( 200 га) жана Нур-Абад ( 200 га) айыл өкмөттөрүнүн аймагында 1000 га айыл чарба багытындагы жер аянты жеке ишкерге узак мөөнөттүү ижарага берилип кеткени аныкталган. Мындан сырткары, мамлекеттик төлөмдөр да төлөнгөн эмес.

Буга байланыштуу комиссия аталган жерлерди мамлекетке кайтаруу чечимин чыгарган. Бүгүнкү күндө Ош облустук административдик сотунун чечими менен Араван районундагы 1000 га айыл чарба багытындагы жер мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Кайтарылган жер мындан ары жергиликтүү тургундардын дыйканчылыкка иштетүүсү үчүн бөлүнүп берилет.

ЖОЖДОРГО КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ

2023-жылдын 16-январында жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды.  Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 21-январы саат 16:00гө чейин тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

I турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктаган.

II турда 210 талон катталып, ЖОЖдор 206 абитурентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 180 абитурент окууга болгон каалоосун ырастады.

Количество просмотров: 77