• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Соңку жаңылыктар: Жумуш орундар жарманкеси өтөт. Көмүр канча сомдон сатылууда?

22 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ ӨТӨТ

Кыргызстандын жети шаарында жумушчу орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан билдиришти.

Белгиленгендей, жарманкеде өлкөнүн алдыңкы 50 компаниясынан 10 миңден ашык бош орундар сунушталат. Жумуш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен маектешүүлөрдү өткөрүшөт. Мектеп окуучулары тесттен өтүп, кесип жана окуу багытын тандап алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жарандарга ишке орношуу, кесиптик даярдоо жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет. Ошондой эле мастер-класстарды өткөрүү пландаштырылууда.
Жарманкелер 22-ноябрда Ош, Каракол, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Нарын жана Таласта, ошондой эле 29-ноябрда Бишкекте өтөт.

КӨМҮР КАНЧА СОМ?

Бишкек мэриясынан калаада көмүрдүн 1 тоннасы канча сомдон сатылып жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 6000 сом болсо, ал эми Кара-Жыра жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн тоннасынын баасы 6 миң 200 сом болууда. Монополияга каршы кызматы текшерүүнүн алкагында Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразаларына күбөлүгү жок болгондуктан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салган.

Белгилей кетсек, тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.

МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА АЛМАШТЫРГАНДАР АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн УБнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын М.Б.У. аттуу жаранына 17 мин 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 64