• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Социалдык тармактар аркылуу «Кувейттен врачтар келет» деп таркатылган маалыматтар жалган

12 Тогуздун айы 2018 14:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV
 Интернет айдыңына Кувейттен 45 врач келип, Кыргызстандык бейтаптарды акысыз дарылай турганы боюнча маалымат тараган. Маалыматта келген хирургтар  Кыргызстанда жасоого мүмкүн болбой турган оор операцияларды кыла турганы айтылган. Алар 2 топ болуп келе турганы, чоңдорго жана балдарга өз-өзүнчө операция жасашаары белгилүү болгон.
Операцияга ким муктаж болсо, алар 25-октябрга чейин каттоодон өтүшү керек эле. Анткени,врачтар 29-октябрда келишмек. Операцияга муктаждар алыскы Оштон, Баткенден, Нарындан дагы келишкен.
Бирок, алар көрсөтүлгөн мекемеге келгенде бул маалыматтын жалган экенин билишкени анык болду. Жарыяда көрсөтүлгөн N1-клиникалык ооруканага биз барып, чындыкты билдик. Алар таркатылган маалымат боюнча так жооп бере алышкан жок.  Алар министрликтен эч кандай тастыктоочу кагаз келбегенин кошумчалашып, тастыктоочу кагаз келмейинче эч нерсе айта алышпасын билдиришти. Ал эми Саламатыкты сактоо министирлиги бул маалыматтын чындыкка коошпой турганын айтты.

Количество просмотров: 39