• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Сокулукта 331 млн сомдук дан тегирмени мамлекетке кайтарылды

15 Үчтүн айы 20259:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекетке алынган дан тегирменинин сметалык баасы 331 млн 391 миң сомду, ал эми жеринин аянты 2,4 гектарды түзөт.

Белгилей кетсек, дан тегирмени – фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого багытталган оруп-жыйноодон кийин иштетүү үчүн механикалаштырылган машиналардын, жабдуулардын жана курулмалардын комплекси бар аянтча болуп саналат.

Белгилүү болгондой, «Колос» дыйкан чарбасынын төрагасы Ш.А.Ф. 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алган.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Количество просмотров: 215