• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Сокулукта 7-класс кыз оозуна чүпүрөк тыгылып, колу байланган абалда табылган. Милиция эмне дейт?

30 Тогуздун айы 2023 12:12 Бишкек Govori.TV

Буга чейин бир катар ММКлар Сокулукта 7-класста окуган кыз оозуна чүпүрөк тыгылып скотчтолуп, колу байланган абалда табылганы тууралуу маалымдашкан.

Бул туурасында Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратып, окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматта атйылгандай, 24-октябрында Сокулук РИИБге Биринчи Май айылында байланган жашы жете элек кыз табылгандыгы тууралуу кошуналары тарабынан билдирүү түшкөн.

«Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иштин жүрүшү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Балдардын укуктары боюнча мамлекеттик уюмдар да тартылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалып, бардык жүйөөлөр жана бардык күбөлөрдүн, кыздын өзү жана ата-энеси суракка алынган. Учурда окуянын чыныгы чоо-жайын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет», — деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 1870