• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сокулукта алдамчылыкка шектүү аял кармалды

19 Чын куран 2022 17:52 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 5-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1963-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2013-жылдын август айларында бейтааныш аял жер тилкесин сатам деп алдоо жолу менен ишенимине кирип, 4000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен акчасын да, жерин да кайтарып бербей жатканын билдирген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча АИС ЭПКга катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Н.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кармалган жарандын дагы ушул сыяктуу 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүү иши уланууда.

Количество просмотров: 206