• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сокулукта белгисиз адам арматура менен жарандарга кол салган (видео)

3 Жетинин айы 2020 13:47 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Манас айылында белгисиз адам арматура менен жарандарга кол салган. Анын найтыжасында бир эркек киши катуу сабалып, ооруканага жеткирилди.

Чүй ОИИББнен билдиргендей, окуя тууралуу маалымат 2-ноябрь күнү саат 22:00дөр чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери азиат түспөлүндөгү эркек адам жабырлануучуга эч себепсиз белгисиз буюм менен урган, андан соң унаага отуруп качып кеткен.

Аталган окуя “Бейбаштык” беренеси менен КЖБРге катталып, кылмышка шектүүнү издөөгө алышты.

Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Теги:
Количество просмотров: 378