• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сокулукта уурулукка шектелип 20 жаштагы эки жаран кармалды

5 Бирдин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда уурулукка шектелип 20 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген.

Маалыматка ылайык, келтирилген материалдык чыгым 27 миң сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган балдар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 119