• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сокулуктагы дарыгерге кол салган аял кармалды

20 Баш оона 202423:32 Бишкек Govori.TV

Медицина кызматкерине кол салган аял кармалганын Чүй облусунун милициясы билдирди.

Дарыгерге кол салган аял спирт ичимдигинен ууланып ооруканага түшкөн. Окуя 19-августта түнкү саат төрт чамасында болгон.

Милицияга Токмок шаарынын жашоочусу 1997-жылы туулган З.И. кайрылган. Ал Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө И.Ж. аттуу жаран себепсиз сабаганын билдирген.

Бул факт ээнбаштык беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2003-жылы туулган И.Ж. спирт ичимдигинен ууланып ооруканага
түшкөнү аныкталды. Саат 4:00 чамасында өзүнө келип, ооруканадан кетүүнү чечкен. Бирок
ага туугандары келмейинче кетүүгө болбой турганын айтышкан. И.Ж. мындай чектөөгө
агрессивдүү түрдө жооп кайтарып, реаниматолог З.Ины сабап, ооруканадан кетип калганы белгилүү болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү Чүй РИИБге алынып келинди.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча адиси, Кыргыз Республикасынын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова да дарыгерлерге көрсөтүлгөн зомбулук боюнча пост жазып, «бейтаптар же алардын туугандары мас абалында дарыгерлерге кол салып же кылмыш кылса мастыгы актанууга шылтоо эмес, тескерисинче оордотуучу жагдай болушу керектигин» жазган.

Количество просмотров: 257