• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сонунбүбү Кадырова Жапаровго жазган каты өзгөртүлүп жарыяланып кеткенин айтып чыкты

16 Аяк оона 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

“Маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу” деп интернетте тарап жаткан каттын тексти түп нускасынан бурмаланган. Бул тууралуу 15-сентябрда “Азаттык” радиосуна каттын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова билдирди.

Кадырова президентке “адамдарды чогултуп, ызы-чуу жана тополоң кылгысы келгендерге чара көрүү, аларды тартипке чакыруу” демилгеси менен кайрылганы чын экенин, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун айтты:

“Мен коллегаларыма телефон чалып, ушундай кайрылуу жасабайлыбы дегем. Кат 1,5 барак болгон. Маданият кызматкерлеринен макулдугун телефон аркылуу сурагам. Аларга катты окуп берген эмесмин. Катка алар кол койгон эмес. Бир гана өзүм кол койгом. Өзүм демилге көтөргөм. Президент Жапаровдун атына кат жазбайлыбы десем макул болушкан. “Телефон аркылуу макулдугу алынды” деп жазылып турат тиги жерде”.

Кадырова катта аты аталган бир топ адамды да, 100 миң киши тууралуу да жазбаганын билдирди:

“Ошол маалыматтарды мен жазган эмесмин. Биз кол койгон барак калып калган да биринчи бети өзгөрүлүп кеткен. Мен ал катты президенттин канцеляриясына таштагам. Ал президентке жеттиби же орто жолдон кызыкчылыгы бар башка адамдар аркылуу оңдолуп интернетке чыгып кеттиби, билбейм”.

Маданият ишмерлери кол койду деген кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда «Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз» деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышкан.

15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушту. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришти.

Количество просмотров: 2590