• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“Кемпир-Абадды коргоо” комитетине кирген адамдардын үйүн милиция тинтүүгө алып жатат

23 Тогуздун айы 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

“Кемпир-Абадды коргоо” комитетине кирген адамдардын үйүн милиция тинтүүгө алып жатат. Бул тууралуу активист Гульнара Джурабаева социалдык тармактарда билдирди.

Анын айтымында, “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатат.

Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Рита Карасартова, жана башкалардын үйүнө милиция келгендиги кабарланууда.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, «Массалык башаламандык даярдап жатышат» деп кылмыш иши козголуптур.

Азырынча ИИМ тинтүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 630