• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соода палатасына 10 жылдан кийин ошол эле жетекчи Шаршекеев шайланды

18 Бештин айы 2020 15:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстандын Соода, өнөр жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо жараяны өттү. Ага 118 делегат катышып, 7 адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү. Натыйжада Марат Шаршекеев кайрадан аталган тармактын жетекчиси болуп шайланды.

Талапкерлер:

  • Итибаев Кайрат Жаныбекович
  • Дегенбаев Бакыт Кудусович
  • Рахимов Кубатбек Калиевич
  • Шаршекеев Марат Дүйшебаевич
  • Ниязалиев Уран Сүйөркулович
  • Мухамедзиев Бахтияр Мурзахматович
  • Касымов Роман Пазылович

Добуш берүүүн биринчи туру жашыруун болуп, 126 делегат добуш берди. Анда талапкерлер Кайрат Итибаев 17, Бакыт Дегенбаев 34, Марат Шаршекеев 53 добуш алганы айтылды.

Экинчи турдагы добуш берүүгө Марат Шаршекеев менен Бакыт Дегенбаев чыккан. Жыйынтыгында Марат Шаршекеев 57, Дегенбаев 40 добуш алып калды.

Соода, өнөр-жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиевдин айтымында, жетекчини шайлоо беш жыл сайын өтүп турат.

«Жалпы талапкерликке 7 адамдан арыз түштү. 1180 компания мүчө болгон. Бул жолку шайлоодо 10 компания биригип, арасынан бир ишкананын башчысын курултайга катышып, добуш берүү үчүн өкүл катары жөнөтө алат. Ошондо курултайга жалпы 118 гана ишкер катышат. Соода, өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев дагы кайрадан талапкерлигин койду»,- деди Соода өнөр жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев.

Кыргызстандын Соода, өнөр жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо жараяны ишкерлердин нааразылыгын пайда кылды. Айрым ишкерлер палатага жетекчи шайлоого чейин өтө турган башка жыйындар жаап-жашырылып келгенин айтса, башкалары аталган палатанын азыркы жетекчиси Марат Шаршекеевге
дооматтарды айтышты.

«Палатанын расмий сайты бар. Ал жакта өткөн жыйындар тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Коомдук сайт, башка дагы толтура маалымат каражаттарында эч кандай кабар, маалымат жок. Электрондук даректерге да атайын каттар жөнөтүлгөн эмес. Боло турган жыйын, чогулуштар тууралуу ачык-айкын, күн мурун кабар бере турган жарыя же билдирүүлөр жокко эсе. Мисалы, кайсы бир жыйындыкын «Кыргыз Туусу» гезитине жарыялаганбыз деп жатат. Бирок ишкерлердин канчасы аталган гезит аркылуу маалымат алышканы белгисизда. Бул азыркы жетекчинин ордунда калайын же өзүбүз каалаган адамды калтырып кетели деген аракетиндей эле туюлуп жатат»,-деди Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу.

Талапкерлердин бири Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев соода палатасында реформа жүргүзүп, жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

«Кыргыз экономикасынын азыркы ал-абалы эч кимге жашыруун эмес, ушундай шартта ишкерлердин кызыкчылыгын талашып, ишин илгерилетип, эл аралык алакалардытүзүүдө палата жоопкерчиликти алышы керек. Шаршекеев Марат Дүйшөбаевич 2010-жылдан бери бул тармакты жетектеп, жашы жетимишке таяп калды. Жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керек»,-деди Дегенбаев.

Кыргызстандын Соода, өнөр жай палатасына ата мекендик ишкерлерди колдоо, өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү, эл аралык ишкерлер менен байланыштарды күчөтүү милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, чет өлкөгө экспорттоло турган өндүрүмдөргө лицензияларды тапшырат.

Белгилей кетсек, Соода, өнөр жай палатасынын азыркы төрагасы Марат Шаршекеев аталган кызматта 2010-жылдан бери иштеп келген.

Количество просмотров: 90