• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: «Эскиче жашоону каалагандардын каршылыгы, саботаж кылгандар да болбой койгон жок»

11 Жалган куран 2019 11:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайына катышып мындай деди:

“1-январдан баштап жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштадык. Эскиче жашоону каалагандардын каршылыгы, саботаж кылгандар да болбой койгон жок.Азыр да өлкөбүздүн жаңы укуктук мейкиндикке өтүү процесси айрым тоскоолдуктар менен коштолуп келет. Бүгүнкү курултайда бардык инстанциялардын судьялары катышып олтурасыздар. Сиздерге эл тарабынан өзгөчө жоопкерчилик артылган. Жаңы мыйзамдарда судьялардын укуктары абдан кеңейтилди. Эми сиздер — тергөөчү, прокурор, адвокаттардан мыйзамдын так жана бирдиктүү аткарылышын талап кылууну күчөтүүӊөр зарыл. Реформаны ишке ашырууну кечеңдетүүгө соттор себепкер болбошу керек экенин дагы бир жолу эскерте кетейин. Бизде башка жол жок, алган багытыбыздан тайбайбыз, баштаган реформаны аягына чыгарабыз. Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат. Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз. Албетте, оош-кыйыштар, айрым кемчиликтер болбой койбойт. Аларга жол бербеш үчүн туура чечимдер кабыл алынышы керек”,-деди Жээнбеков.

Теги:
Количество просмотров: 5