• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: Сот реформасында саясий эрк бар. Каражат да бар. Ошого жараша кайтарым болбой жатат

11 Жалган куран 2019 11:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайына катышты. Анда өлкө башчы Соттук-укуктук реформанын максаты — бул сотторду гана эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системасын реформалоо экендигине токтолду.

Себебин сот адилеттигинин сапаты — күч органдарынын ишинен абдан көз каранды экендигин баса белгиледи.

“Адам укуктарын сактоо үчүн укук коргоо органдарынын иши бүгүнкү турмушка ылайык түп тамырынан бери кайрадан түзүлүшү керек. Аталган реформалар соттордун гана иши эмес, бул жалпы мамлекеттик иш. Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да, коомчулук да бул процессти колдоодо. Өкмөт бул реформаны ишке ашырууну ыкчамдатышы зарыл. Сот системасын каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого буга чейин да тийиштүү чаралар көрүлүп келген жана мындай колдоо уланат. Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат”,-деди Жээнбеков.

2018-жылга карата — 1 млрд 555 млн 958 миң 200 сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп.

Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.

2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңешининин жыйынында «Реформа жасоо үчүн эмне керек?» деген суроомо, сот системасынын өкүлү «Саясий эрк жана акча каражаты» деген.

“Саясий эрк бар. Каражат да бар. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз. Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат”,-деди президент.

Теги:
Количество просмотров: 7