• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда авиация коопсуздугун күчөтүп, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу керек

6 Тогуздун айы 2018 18:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.10.2018.Govori.TV
Кыргызстанда авиация коопсуздугун күчөтүп, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жарандык авиациянын 85 жылдыгы менен тармак кызматкерлерин куттуктап жатып айтып өттү. Жээнбековдун куттуктоосу президенттин расмий сайтында жарыяланды.
«Азыркы учурда учуулардын географиясын кеңейтүү, жаңы каттамдарды көбөйтүү, ошондой эле «Манас» жана «Ош» аэропортторун жакшыртуу боюнча көп иштер жасалууда. Жарандык авияцияны өнүктүрүү — башкы максаттардын бири», — деп жазылган куттуктоодо.
Куттуктоосунун аягында президент авиаторлорго чың ден соолук, ийгилик жана бактылуу турмуш каалады.
Количество просмотров: 21