• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21 Жалган куран 2018 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.03.2018 Govori.TV

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз эгемен Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдап, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын!” деген президент быйыл да өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттар, келечекке багытталган кадамдар жасалып жатканын белгиледи.

Ошону менен катар Жээнбеков “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстандын көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз, кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз” деген каалоо-тилегин айтты.

Количество просмотров: 5