• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот Максат Тажыбек уулун камакта калтырды

5 Бирдин айы 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы кызматкери Максат Тажыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, райондук соттун 2 айга камакка алуу чечимин күчүндө калтырды.

«Максат Тажыбек уулунун социалдык тармактарга жарыяланган бир дагы билдирүүсү жок. Бирок лингвистикалык экспертизанын негизинде кармалып жатат», — деди жактоочу Жаныш Бараков.

«Коюлуп жаткан айыптар негизсиз. Кармоо учурунда жактоочулардын дагы жардамын убагында ала алган жокпуз. 11 сааттан ашык суракта отурдук. Мени кармоону мыйзамсыз деп эсептейм», — деди Тажыбек уулу.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 105