• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соцтармакты дүрбөткөн Бишкектеги кир кар… Экологдор себебин божомолдошту

17 Жетинин айы 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кир кар жаады. Бул тууралуу сүрөттөрдү социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, өз пикирлерин жазышууда.

Ал эми экологдун айтымында, боз кардын жааганына аймактагы чаңдуу бороон себеп болууда.

«Бул чаңдуу бороондун муздак күн менен айкалышуусунан болушу мүмкүн. Чаң бороону Казакстан менен Кытайда пайда болгон. Эгер чоң өлчөмдөргө жетсе, анда чаң стратосферанын үстүнкү катмарларына кирип, алыскы аралыктарга ташылышы мүмкүн. Ал Арал деңизинин түбүнөн чыккан туз биздин мөңгүлөрүбүзгө да жайгаша ала тургандыгы ишенимдүү далилденген, анткени чаңдуу бороондун кесепетинен ал стратосферага кирип, жаан-чачындар менен бирге башка аймакка да түшөт. Чаң бороонунан улам булганышы мүмкүн», — деп билдирген эколог Илья Домашов.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү ири шаарлардын рейтингинде Бишкек 12-орунда турат. Абасы булганган өлкөлөрдүн биринчи үч сабын Пакистан, Кытай, Индия ээлейт.

Количество просмотров: 3878