• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өспүрүмдөрдү өзүнө тартуу менен синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду

10 Бештин айы 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Жашы жете элек балдарды өзүнө тартуу менен синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, КР УКМК органдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргыз Республикасынын жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн, ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда (парктар, аянттар, бак-дарактар) баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна, алардын алыскы байланыш каражаттарын жана жашынма жерлерди колдонуусуна карабастан, КР УКМК органдары кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачууга жетишти.

Топтолгон материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары баштоо демилгеленет.

КР УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 112